Кечээ, 17-сентябрь күнү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев көз жумду.
Сүрөтчү, график Жусуп Матаев 1956-жылдын 21-февралында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 1978-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, ал эми 2004-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде, Улуттук тарых музейинде жана Нарын облустук аймак таануу музейинде сакталуу. Матаев чыгармачылык менен катар педагогикалык ишти айкалыштырып, 2021-жылдан бери Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында иштеп жаткан.
Автордун эмгеги мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, ага Даңк медалы баштаган бир катар мамлекеттик сыйлык-наамдар ыйгарылган.