7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фермерлерге асыл тукум малдын уруктары акысыз таратылууда

320

Өлкөдө фермерлерге асыл тукум малдын уруктары акысыз таратылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министрликтин демилгеси менен мамлекеттик бюджеттен 60 млн сом атайын бөлүнүп, ири мүйүздүү малдын сапатын жакшыртуу боюнча программа ишке ашырылууда.

Анын алкагында аббердин-ангус, симментал, швиц жана голштин породаларынын элита жана элита-рекорд класстагы уруктары фермерлерге акысыз таратылууда.

«Бул программа малдын асыл тукумун жакшыртып, өндүрүмдүүлүктү көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Саны чектелүү болгондуктан убагында пайдаланып калуу зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат алуу үчүн бардык облустардагы айыл өкмөттөргө жана райондордогу ветеринардык башкармалыктарга кайрылуу зарыл.

321