7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Тоолуу-Алтайдагы эл аралык конференциянын катышуучуларына салам жолдоду

19

Тоолуу-Алтай шаарында (Россия Федерациясы) «Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты» II Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Салтанаттуу ачылыш аземинде Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаровдун конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон куттуктоо сөзүн окуп берди.

“Алтай – бул жөн гана тоолордон, суулардан жана талаалардан турган географиялык аймак эмес. Бул – түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнөтаанымынын башаты болгон ыйык бешик. Дал ушул жерде бүгүнкү күнгө чейин түрк элдерин бириктирип турган руханий көрөңгөлөр калыптанган. Кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий өзгөчө байланышты байыртан бери сезип келет. Орто кылымдарда алтай жергеси кыргыздардын ата мекени болгон. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою ушул жерде жашап, түрк элдерине таандык жалпы салттарды сактап, өнүктүрүп келишкен. Биз – бир тилдүү, бир тектүү үй-бүлөнүн өкүлдөрүбүз, ошондуктан алтайлыктар менен жолукканда бири-бирибизди сөз менен эле эмес, жан дүйнө менен да түшүнөбүз.

Кыргыз Республикасы түрк биримдигин бекемдөөгө, илимди, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ар дайым колдойт. Бул конференциянын жыйынтыктары биздин элдердин ортосундагы боордоштук мамилелерди чыңдоого жана түрк дүйнөсүнүн мындан аркы өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна бекем ишенем. Конференциянын бардык катышуучуларына ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып барууну, шыктанууну жана жаңы ачылыштарды каалайм!”, — деп белгиленет Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Конференциянын алкагында Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхына байланышкан маселелерди чагылдырган, тарыхый агартууга багытталган биргелешкен программалар менен иш-чараларды уюштуруу үчүн бирдиктүү аянтча түзүү пландалууда.

20