Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көчөлөрдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Шаар мэриясы каттамдарды алдын ала пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.