7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

21-сентябрь марафонго карата бир нече көчө жабылат

332

21-сентябрда Бишкек шаарында “Bishkek Snow Leopard Run 2025” кайрымдуулук марафонуна карата жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 21-сентябрь күнү саат 6:30дан 13:00гө чейин төмөнкү жол тилкелери убактылуу жабылат:

Чүй проспектиси (Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин);

Абдрахманов көчөсү (Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин);

Иманалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин); Масалиев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, түндүк тарабы);

Чыңгыз Айтматов проспектиси (Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин).

Шаар мэри айдоочуларга каттамдарды алдын ала пландап, чектөөлөрдү эске алууну сунуштайт.

333