7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамп аны сындаган телеканалдардын лицензиясын жокко чыгармай болду

357

АКШнын президенти Дональд Трамп анын иш-аракеттерин терс өңүттө чагылдырган телеберүү, телеканалдардын лицензияларын жокко чыгаруу керек экенин эскертти. Бул тууралуу 19-сентябрда Би-Би-Си жана CBS телеканалдары кабарлашты.

Дональд Трамп жогорудагы эскертүүсүн кечээ Британиядагы сапарынан кайтып келе жатып, “Air Force One” бортунда журналисттерге билдирген.

«Алар мени терс көз карашта гана көрсөтүп келишет. Ооба, алар лицензиясын алышат. Менимче, алардын лицензиясын жокко чыгаруу керектир. Муну Брендан Карр (жөнгө салуу комиссиясынын башчысы) чечет», — деди Трамп.

Федералдык Байланыш Комиссиясы (FCC) «коомдук кызыкчылык» стандартына жооп бербегендиктен лицензияларды жокко чыгаруу укугуна ээ. Бирок, The New York Times белгилегендей, мындай чечимдер өтө сейрек кездешет жана соттук териштирүүгө алып келет, анткени АКШ Конституциясынын Биринчи Түзөтүүсү сөз эркиндигин кепилдейт.

 

358