Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдонуу боюнча алдыңкы беш органдын катарына кирип, мамлекеттик кызматтардын ичинен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай жыйынтык Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик тилди колдонуунун абалына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды.
Анын айтымында, Салык кызматында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы толук кандуу ишке ашырылууда.
«Биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү ишибиздеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары карайбыз. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жогору баалоосу Салык кызматы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө системалуу мамиленин үлгүсү экендигин тастыктайт», – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Мамлекеттик салык кызматы акыркы жылдары мамлекеттик тилди колдонуу боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырып келүүдө.
2018-жылы салык терминдеринин биринчи орусча-кыргызча / кыргызча-орусча сөздүгү жарык көрүп, 2024-жылы экинчи, толукталып басылышы чыгарылган.