7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта жабырлануучунун үйүн саттырып, акчасын алып качып кеткен аял кармалды

169

Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип 1963-жылы туулган З.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, апрель айында Сокулук райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, З.Н. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

“Шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, Маловодное айылындагы үйүн саттырып, акчасын алып из жашырып кеткен. Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү З.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп берилет маалыматта.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө З.Н. аттуу жаран жалпы суммасы 4 млн 678 миң сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган. Учурда бул жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жок экендиги текшерилүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

170