Кыргызстандын президентинин БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясындагы кайрылуусу, албетте, дебаттардын эң маанилүү учурларынын бири болду. Бул тууралуу Өзбекстандык Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин Перспективдүү эл аралык изилдөөлөр институтунун лаборатория башчысы, Социалдык изилдөөлөр журналынын башкы редактору, социология илимдеринин доктору, профессор Азамат Сеитов «Кабар» агенттигинин Өзбекстандагы кабарчысына берген маегинде билдирди.
Профессордун айтымында, Садыр Жапаров бул жолу кадимки дипломатиялык стилден баш тартып, түз сүйлөгөнү өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Анын, «мен бүгүн мамлекет башчысы гана эмес, жөнөкөй адам, өз өлкөмдүн жараны катары чыгып, оюмду ачык айтууну чечтим. Буга чейин ассамблеяга 3 ирет келип, сылык сөздөрдү сүйлөп кеткем, бүгүн болсо миллиондогон элди ойлонткон маселелерди түз айтуу ниетим бар» деп айткан сөздөрү дүйнөлүк коомчулукка жогорку трибунадан жасалган ачык кайрылуу болду.
«Эл аралык мамилелер жагынан алып караганда, мындай риторикалык кадам боордош Кыргызстандын дипломатиялык сөз маданиятында маанилүү көрүнүш болуп калды. Адатта чакан мамлекеттердин лидерлери дүйнөлүк трибуналарда этият сүйлөп, туура эмес түшүнүлүп калбоо же ашыкча саясий кесепеттерге жол бербөө үчүн абайлап келишкен», – деди өзбек окумуштуусу.
Анын баамында, дүйнөлүк тартиптеги өзгөрүүлөр, аймактагы чыңалуулар жана ири державалардын атаандаштыгы жаңыча сүйлөө маданиятын талап кылууда. Мына ушундай шартта С. Жапаровдун ачык сүйлөгөнү Кыргызстанды үнүн угузууга жана дүйнөлүк күн тартибине таасир этүүгө умтулган мамлекет катары көрсөтөт.
Академиялык көз караштан алганда, профессор Сеитов бир нече маанилүү жагдайды белгилейт. Биринчиден, Жапаров дипломатиялык билдирүүнү «жекелештирүү» ыкмасын колдонот. «Өз өлкөмдүн жараны катары» деп айтуу менен ал мамлекет башчысынын расмий ролун инсандык өлчөм менен айкалыштырып, көтөрүлгөн маселелер элдин тагдырына түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөтөт. Бул сөздүн эмоционалдык таасирин күчөтүп, расмий протоколдун чегинен чыгат.
Экинчиден, президент Жапаров эл аралык уюмдардын милдетин кайра карап чыгууга чакырат. Анын айтымында, мындай уюмдар декларацияларды кабыл алуу менен гана чектелбестен, гуманитардык кризистерде, санкциялык тирешүүлөрдө жана глобалдык коопсуздукка коркунуч туудурган шарттарда иш жүзүндө чара көрүшү керек. Бул көз караш азыркы «коомдук дипломатия» теориялары менен шайкеш келет, анда билдирүүнүн мазмуну менен катар анын чыныгы нукуралыгы да маанилүү.
Үчүнчүдөн, түз жана ачык сүйлөө Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдейт. Дүйнөлүк коомчулук үчүн өлкөдө жүрүп жаткан реформалар менен катар мамлекеттин баалуулук багыттарын – айрыкча тынчтык, адам укуктары жана адилеттик маселелерин – көрүү өтө маанилүү.
«Менин оюмча, президент Садыр Жапаров жасаган риторикалык өзгөрүү өз учурунда жасалган маанилүү кадам болду. Ал Кыргызстандын позициясына көңүлдү күчөтүп гана тим болбостон, өлкөнүн дипломатиясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аны дүйнөлүк күн тартибин түзүүгө активдүү катышкан мамлекет катары көрсөттү», – деп жыйынтыктады профессор Азамат Сеитов.