7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматтан кетти

409

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

410