7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореядагы “Пусан” кинофестивалы жыйынтыкталды. Байгелүү кайтышты

161

2025-жылдын 17–27-сентябрында Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүндөгү эң ири Пусан эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Юбилейлик 30-жылдык мааракеге кыргыз кинематографисттеринин жоон тобу катышып, “Курак” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, даректүү тасмалардын “Кең бурч” программасында Самара Сагынбаева “Кооп коңгуроосу” тасмасын көрсөтсө, “Азиялык көз караш” конкурсунда Эрке Жумакматова жана Эмиль Атагельдиевдин “Курак” тасмасы “Бангладеш – Июль мемориалдык” жана Ким Жисеок атындагы сыйлыктарга татыды.

Томирис Орозоева “Убакыт чөлүндө” долбоору менен Пусан Азия кино мектебине кабыл алынды. Дастан Жапар Рыскелди “Бөбөктөй илешкек” долбоорун Asian Project Market’те тааныштырды.

Бишкек эл аралык кинофестивалы Asian Vision конкурсунун расмий өнөктөшү болуп, Кыргызстандын атынан индонезиялык “Кучагында отуруу” фильмин сыйлады. Улан Адамалиев бул тасманы энелердин кайратын чагылдырган терең чыгармасы үчүн жогору баалады.

Пусан кинофестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун тажрыйба алмашуусунун эң ири аянтчасы. Кыргыз киночуларынын катышуусу улуттук кинонун эл аралык абалын чыңдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

162