Кыргызстандын делегациясы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Цивилизациялар диалогу” аттуу биринчи форумуна катышты.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, 20–22-ноябрда өткөн иш-чарада кыргыз делегациясын министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектеди.
Ал кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасы, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгү, “Манас” эпосун дүйнөгө таанытуу жана улуттук салттарды сактоо маселелерине токтолду.
Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү ролу белгиленип, кыргызстандык эксперттер улуттук каада-салттар жана материалдык эмес маданий мурастар боюнча материалдарды сунушташты.



