7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо классташ кызын тепкилеген бала оорукчанбы?

158

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мектептердин биринде эркек бала классташ кызын жерге ыргытып, тээп сабагандыгы тууралуу видео интернет желесинде тарады.

Бул маалыматты төгүндөп, Айнура Султанбаева өзүнүн facebook баракчасына билдирүү жасады.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы эки окуучунун ортосунда болгон окуя тууралуу видео кеңири тарап кетти. Расмий түрдө маалымдайбыз: бул окуя чындыгында мектептердин биринде орун алган. Видеодо көрсөтүлгөн бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм болуп саналат жана учурда ал үй-бүлөлүк (индивидуалдык) окууга өткөрүлдү.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп, мыйзам чегинде бардык зарыл чараларды көрүүдө. Ошондой эле билим берүү жана социалдык кызматтар балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү жана тарбиялык иштерди жүргүзүп жатышат.

Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү органдардын көзөмөлүндө турат. Текшерүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат расмий түрдө берилет.

Урматтуу жердештер! Ар бир бала — бала. Ден соолугунун абалына, мүмкүнчүлүгүнө карабай, аны коомдон бөлүп салууга же кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок. Сиздерден сабырдуулукка, урмат-сыйга жана жоопкерчиликтүү мамилеге чакырабыз.

Такталбаган маалыматтарды таратпоого жана балдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтире турган терс пикирлерден алыс болууга чакырабыз.

159