7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүм кыздын өлүмү: Байкесимин деген Сыймык камакка алынып, иш козголду

168

Жашы жете элек өспүрүмгө карата жасалган кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал буга чейин бир нече жолу соттолгон, 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык экендиги аныкталды.

Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 363-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык — пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо — боюнча кылмыш иши козголду.

Нарынбек уулу Сыймык мыйзамда белгиленген тартипте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүр жатат.

169