7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инисинин ишин оң жака чечүү үчүн 70 миң сом пара берип, байкеси кармалды

313

2025-жылдын 30-сентябрындв инисинин кылмыш ишин оң тарапка чечип берүү үчүн Алай РИИБдин башчысынын орун басарына пара берип бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

“Алай районунун тургуну 1993-жылы туулган И.уулу Ж. Алай РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарына пара катары 70.000 сом акча каражаттарын берүү учурунда кармалган. Далил буюм катары жалпы суммасы 70.000 сом акча каражаттарына кечиктирилгис жагдайда алуу жүргүзүлдү. Кармалган жаран Алай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп берилет маалыматта.

314