Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3 пайыздык чен менен кошумча 271 млн сом бөлүндү.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, каражат фермерлерге “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилет. Аны асыл тукум бодо мал, топоз, жылкы, кой жана эчки сатып алууга пайдаланууга болот.
Насыя алуу үчүн фермерлер IDYIKAN тиркемеси аркылуу “Түндүк” системасы менен кирип, “Агрокредиттөө” кызматынан онлайн өтүнмө бере алышат.



