“Шайлоолор келип калганда эле тили буудай кууругандар мугалимдер менен врачтардын таламын талашып, эстеп калышат. Болбосо беш жыл бою ойлоп деле коюшпайт. Шайлоо келгенде эле Кудай бетин салбасын, “Мугалим эле мугалим, врачтар эле врачтар!” деп кыйкырып жатса, угуп туруп чынында эле анын сөздөрүнө ыйлап ийгиң келет”, — дейт өлкө башчы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.
Президент шайлоо учурунда гана жаны күйгөн талапкерлер, шайлоодон кийин эч кимди эстебей да калаарын баса белгиледи.
Андай “сайракандар” мугалимдер, врачтар үчүн күйбөйт. Аларга добуш гана керек. Мугалим менен врачтар жалпы өлкө боюнча 200 миңдин тегерегинде.
Эмне мурдагы шайлоолордо мугалимдер менен врачтар келди беле? Бирин-экин эле болбосо. Тескерисинче, мугалимдер менен дарыгерлерге эми мүмкүнчүлүк берилди.
Мурда депутаттык орун 100 миңден 1 миллион долларга чейин сатылып, партиянын лидерлеринин чөнтөгүнө түшүп жүргөн болсо, эми андай болбойт. Акаевдин мезгилинен бери талапкер болом дегендер 100 миң сомдон төгүшчү. Андан бери канча заман өттү.
Азыр эми депутаттар 300 миң сомго көтөрүп коюшуптур. Бул 300 миң сом кайтарымсыз экен. Мурда 100 миң сом 5 пайыздан өйдө добуш алгандарга кайтарылып берилчү.
Эми бул акча кайтарылып берилбейт жана кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт. Шайлоону уюштурууга жумшалат. Мурда шайлоону уюштуруу үчүн кеткен чыгым элдин чөнтөгүнөн чыкчу. Тагыраагы республикалык казынадан берилчү.
Эми мындан ары шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөт. Мен муну колдойм. Себеби бюджеттен чыгым болбойт. Элдин ар бир тыйынын үнөмдөп, сарамжалдуу колдонушубуз керек. Шайлоолорго кетип жаткан акчаларга жылына 10 мектептен салып жүрүп олтурсак, 30 жылда канча мектеп салсак болмок.
Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп.
Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт.
Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан.