7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 3 миң сомдук жөлөкпулду кимдер ала алышат?

174

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» аттуу «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Маалыматка ылайык, документ үч жашка чейинки балдары бар, бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» мыйзамынын алкагында, үчүнчү жана ар бир кийинки төрөлгөн балдар үч жашка толгонго чейин ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң сом өлчөмүндө белгиленет.

Каржы министрлигине жөлөкпулду өз убагында төлөө үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

175