Бишкектеги №58 мектептин 2,3 гектар аянтын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-ноябрда мектептин короосуна күзгү көчөттөр отургузулду. Долбоордун алкагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар ойноочу зоналар, чуркоо жолдору курулуп, жарыктандыруу жана автоматтык сугаруу системалары орнотулууда.
Ошондой эле тротуарлар, тепкичтер жана пандустар жаңыланып, аймакка газон чөбү себилүүдө.




