7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанали ажы Гапуров Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды

186

Султанали ажы Гапуров Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Азирети Муфтийдин дагы бир буйругуна ылайык, Абибилла ажы КадырбердиевКМДБнын диний агартуу, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Султанали ажы Гапуров тууралуу маалымат:

1978-жылы 24-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында туулган.

Билими: 

2001-жылы «Абдыжапар» атындагы Ислам институтун аяктаган.

2004-жылы «Расул Акрам» ислам институтун бүтүргөн.

2011-жылы Баткен Мамлекеттик университетин аяктаган.

Ишмердүүлүгү:

1994-2003-ж.ж. Маргун айыл өкмөтүнүн «Касым» дыйкан чарбасы;

2003-2004-ж.ж. Маргун айыл өкмөтүнүн жеке менчик чарбасы;

2004-2005-ж.ж. Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары;

2005-2006-ж.ж. Баткен облусунун казысынын орун басары;

2006-2012-ж.ж. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы;

2012-2014-ж.ж. Ош облусунун мусулмандарынын казысы;

2017-2021-ж.ж. Муфтияттын үгүт-насаат адиси болуп эмгектенген Султанали ажы Гапуров 2021-2023-жылдары КМДБнын фатва бөлүмүн жетектесе, 2023-жылдан ушул күнгө чейин диний башкармалыктын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүн жетектеп келген.

187