7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурзат Нуртаева күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты

368

Кыргызстандык Нурзат Нуртаева Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде үчүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында жарыяланды.

Жаңыланган рейтинг 13-21-сентябрда Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Нурзат Нуртаева 72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медалга ээ болуп, UWWдин жогорку тепкичине чыгууга мүмкүндүк алды. Бул беттеште ал франциялык Полин Лекарпентерди 5:0 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, 76 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз Республикасынын дагы бир өкүлү Айпери Медет кызы алдыңкы орунда турат.

369