7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамп Украинага Россиянын өзөгүнөн сокку урууга жардам берерин айтты

306

АКШнын президенти Дональд Трамп аткаруу бийликтин өкүлдөрүнө Украинага Россиянын тереңинен сокку урууга жардам бере турган чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүгө даярданууну буйруду. Бул тууралуу Financial Times чет элдик басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, азыр акыркы чечим толук айтыла элек. Соңку чечимди Трамп жарыялайт.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Киевдин Томахавк ракеталарын колдонуусу Орусия менен АКШнын мамилесине доо кетирерин билдирген. Ал америкалык аскер кызматкерлеринин түздөн-түз катышуусусуз бул ракеталарды Украинада колдонуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Буга чейин АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс “Fox News” телеканалына интервью берип жатып, Трамптын администрациясы Украинага «Томагавк» канаттуу ракеталарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын, бирок акыркы чечим өлкө башчысы Трампта калаарын айткан.

307