7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги “Төрт-Күл” КМКнын мүлк комплекси ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү

193

Баткен шаарында жайгашкан Төрт-Күл көчмө механикалаштырылган колоннасынын мүлк комплексин жана ага чектеш аймакты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында «Төрт-Күл КМК” АКнын жетекчилиги өз аракеттеринин мыйзамсыздыгын түшүнүп, мүлк комплексин жалпы аянты 0,63 га жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүп берген.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

194