7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Чүйдөгү мыйзамсыз колдонууда жүргөн 795 гектар жерди кайтарды

16

УКМК Чүй облусундагы мыйзамсыз колдонууда жүргөн 795 гектар айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында «системалык каттоо» иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган.

Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланууда.

17