7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндөгү 1,28 гектарды ээлеген “Мал базары” мамлекеттин балансына өттү

313

1,28 гектар аянтты ээлеген Өзгөн шаарындагы “Мал базары” мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын «мал базары» үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Ал 2002-жылы жеке менчикке сатылып кеткен.

Мындан тышкары, 2018-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелери ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Жазы айыл аймагынын балансына акысыз өткөрүлүп берилди.

314