4-октябрда Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем өлкөдөгү бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты — Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөө, ошондой эле эки өлкөнүн маалымат тармагындагы байланышын кеңейтүү болду.
Жолугушууда элчи Мекин Мустафа Кемаль Окем журналисттердин коомдогу маанилүү ролуна токтолуп, Түркия ар дайым ачык диалогго жана өз ара түшүнүшүүгө даяр экенин белгиледи. Ал мындан ары да маданий, билим берүү жана маалыматтык долбоорлор аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирди.
Журналисттер да өз кезегинде эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган биргелешкен медиа долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин билдиришти.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, тараптар келечектеги кызматташтык боюнча бир катар сунуштарды талкуулашты.