7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки тараптуу кызматташтык: Түркиянын кыргызстандагы элчиси журналисттерге маалымат берди

16

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин бекемдөө, ошондой эле эки өлкөнүн маалымат тармагындагы байланышты кеңейтүү башкы максат.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Мекин Мустафа Кемаль массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда белгиледи.

Саясий мамилелер

-Өткөн жылдын ноябрь айында президентибиздин Кыргызстанга болгон расмий сапарына байланыштуу Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин 6-жыйынын өткөргөнбүз. Биз мамилелерибизди “стратегиялык өнөктөштүктөн” “ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө” көтөрдүк.

-Президентибиздин иш сапарынан кийин биздин позитивдүү өнүгүп жаткан карым-катнашыбыз ого бетер күч алды.

-Акыркы жолу, вице-президентибиз Жевдет Йылмаз мырза 2025-жылдын 17-18-сентябрында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул сапардын алкагында 12-өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйынын уюштурдук.

-КЭКтин (өкмөттөр аралык экономикалык комиссия) жыйыны абдан жемиштүү өттү. Биз соода, инвестиция, энергетика, тоо-кен казып алуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана транспорт сыяктуу көптөгөн тармактарда мамилелерибизди өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү улантабыз.

Вице-президентибиз Кыргызстан төрагалык кылып жаткан Түрк мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын/вице-президенттердин саммитине да катышты.

Биз Кыргызстанды ийгиликтүү төрагалык кылуусу менен куттуктайбыз.

30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.

 

Соода мамилелери жана инвестициялар

-Түркиянын Кыргызстан менен соода көлөмү тынымсыз өсүүдө. 2024-жылы мурунку жылга салыштырмалуу болжол менен 5 пайызга өсүп, 1 миллиард 546 миллион долларга жетти. 2025-жылдын июлуна карата биздин эки тараптуу сооданын көлөмү 829 миллион доллардын тегерегинде.

-Эки өлкөнүн президенттери соода көлөмүнүн жаңы максатын 5 миллиард доллар деп коюшту.

-Түркиянын Кыргызстанга келген инвестициясы 1,4 миллиард доллардан ашты. Кыргызстанда тоо-кен, туризм, энергетика, курулуш, транспорт сыяктуу тармактарда 350гө жакын компаниябыз иштейт.

-Түрк компаниялары акыркы мезгилде Кыргызстанда энергетика, курулуш сыяктуу тармактарда олуттуу долбоорлорду ишке ашырышты. Биз Кыргызстандагы долбоорлорго биздин компаниялар көбүрөөк катышышын каалайбыз.

 

Өнүктүрүү тармагындагы иш-чараларыбыз

— Биз ар кандай институттар, биринчи кезекте ТИКА аркылуу Кыргызстандын талаптары жана муктаждыктарына ылайык өнүгүүнү колдойбуз.

— 1993-жылы ТИКАнын чет өлкөдөгү биринчи кеңсесин Кыргызстанда ачканбыз.

— Бүгүнкү күндө ТИКА Кыргызстанда 1000ден ашуун долбоорду ишке ашырды, жалпы суммасы 88 миллион долларга жакын. Түркиянын жалпы өнүгүү жардамдары 1 миллиард доллардан ашты.

— Булардын арасында Режеп Тайып Эрдоган Бишкек достук ооруканасы, Илим Бишкек инновациялык борбору, «Өзгөн» балык фермасы инкубациясы сыяктуу кыргыз элинин турмушун камтыган олуттуу долбоорлор бар.

 

Билим берүү тармагындагы мамилелери

— Билим берүү Кыргызстан менен кызматташуубуздун артыкчылыктуу багыттарынын бири.

— Биздин Элге билим берүү министрлигине караштуу жети башталгыч жана орто мектепте бардыгы болуп 1472 окуучу билим алууда.

Түркиянын “Маариф” фонду Кыргызстанда 2021-жылдан бери иштейт.

Түркиянын «Маариф» фонду алган мектептери менен өлкө боюнча тармагын кеңейтти. Учурда өлкө боюнча 21 мектепте, 16 жатаканада жана бир университетте болжол менен 16 миң 700 студент бар.

Жаңы алынган мектептердин стандарттарын көтөрдүк. Биз бул мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, билим берүүнү эң жогорку деңгээлге көтөрүү аракетибизди улантуудабыз.

Быйыл 30 жылдык мааракесин белгилеген Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирген Кыргызстандагы жалгыз университет. Анда 4000ден ашык студент бар жана 13200 бүтүрүүчү чыгарды.

Жаңы ачылган медицина факультети быйыл биринчи жолу студенттерди кабыл алды.

Бүгүнкү күндө 5 миңден ашуун кыргызстандык студенттерге өлкөбүздө окуу үчүн стипендия бердик.

Быйыл өлкөбүздө Түркия стипендиялары программасы боюнча 345 студент билим алат.

Быйыл чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар боюнча төрагалык Кыргызстан үчүн “Кыргыз жылдыздары” аттуу атайын стипендиялык программаны ишке киргизди. Бул программанын алкагында ЖРТ сынагында алдыңкы 50гө кирген 11 студентке атайын стипендия бердик.

 

Ден соолук мамилелери

-Өткөн жылы эки өлкөнүн президенттери тарабынан расмий түрдө ачылган Бишкектеги Режеп Тайып Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасында кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, көкүрөк оорулары, ички оорулар жана нефрология боюнча 55 миң 818 бейтап дарыланып, 1065 операция жасалды.

-Бүгүнкү күндө биздин Достук ооруканасында 10 органдын трансплантациясын ийгиликтүү өткөрдүк, анын ичинде эки жандуу донор боор, сегизи бөйрөк алмаштыруу операциясы.

-Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы келишимдин алкагында биз жыл сайын 100гө жакын кыргызстандыкты бул жерде даарылоого мүмкүн болбогон ооруларды өлкөбүздө бекер дарылоону сунуштайбыз.

 

Маданий байланыштар

-Кыргызстан менен болгон мамилебиз жалпы тарыхыбыз жана маданиятыбыз менен бекемделет.

-Юнус Эмре атындагы Бишкек түрк маданий борбору июль айында иштей баштады.

 

Диний кызмат чөйрөсүндөгү иш-чараларыбыз

-Ош теология факультетине жана Ош шаарындагы Имам Хатип орто мектебине Дин иштери боюнча президенттик аппарат жана Дин фонду колдоо көрсөтүп келет. Бул мектептерде 438 окуучу окуйт.

-Бишкек шаарынын Республикалык борборундагы Имам Сарахсий мечитинин алдындагы Үй-бүлө жана диний башкармалыкыбыз биринчи кезекте аялдарга кызмат көрсөтөт.

-Быйыл биздин Дин фондубуз 350 студентке Түркияда окууга стипендия берди.

17