7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Ош шаары өлкөнүн экинчи борбору катары стратегиялык мааниге ээ

20

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын борбордук аянтында шаар күнүнө карата орнотулган жаңы флагштокко мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы шаардыктарга жана меймандарга кайрылып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу — биздин көз карандысыздыгыбыздын, эгемендигибиздин, элибиздин биримдигинин ыйык белгиси экенин белгиледи.

Ал тарыхый фактылар кыргыз элинин тууга болгон мамилеси жөн гана символ эмес, дүйнөтааным менен турмуш философиясынын бир бөлүгү болгонун тастыктап турганын баса көрсөттү. Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны урушка чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн башын сайган эрлерибиз кызыл туунун алдында ант беришкен.

Президент шаардын так ортосуна мамлекеттик туубузду 95 метр бийиктикке көкөлөтө көтөрүү менен Ош шаарынын 3025 жылдыгын белгилөө башталып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Ал тарыхка кайрылып, улуу Кытайдын Чжан Цянь деген саякатчысы Эркеч-Там аркылуу дал ушул биздин Ош шаарыбызга түшүп, Давань мамлекетине өткөнү да Ош шаарынын байыркылыгынан, тогуз жолдун тоому болгонунан кабар берип турарын эске салды.

Ал Ош шаары аркылуу Чыгыш менен Батыштын соода кербендери өтүп, ал сооданын, кол өнөрчүлүктүн жана маданияттын борбору болгону алыс-жакын чөлкөмдөргө жакшы маалым экенин белгиледи.

Президент орто кылымдардан бери Ош илим-билимдин чордонунда болуп келгенин кошумчалады. Мында XII кылымда бул жерде даанышман илимпоздор, дин аалымдары, акындар — Омар ибн Муса аль-Оши, Сиражудин Али ибн Осман аль-Оши, Мухаммад Абу Абдуллах аль-Оши жана башкалар жашап, бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө таанылган. Алар ушул ооматтуу жерден билим алып, дүйнөгө илим тараткан.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Ош шаары өлкөбүздүн экинчи борбору катары мамлекетибиздин өнүгүүсүнө стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен Ош шаарына   — техникаларды жаңылоого жана социалдык объектилердин курулушуна 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү.

Ал бул мамлекетибиздин Ош шаарына жасаган өзгөчө мамилеси, элибиздин турмушун жакшыртууга болгон камкордугу экенин баса белгиледи.

“Биздин максатыбыз – көп этностуу шаар калкын, келечегибиз болгон Ош шаарынын жаштарын ар тараптан колдоо болуп саналат. Биз мындай камкордугубузду мындан ары да улантабыз”, — деди Мамлекет башчысы.

Президент бүгүнкү Туу көтөрүү салтанаты улуу максаттарга карай жасалган ишенимдүү кадамдардын бири болушун каалады.

“Ордолуу Ош шаарынан эл аралык айдыңда кыргыз туусун бийик желбиреткен эр азамат уул-кыздарыбыз көп чыксын!”, — деп жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Иш-чаранын соңунда Ош шаарынын жана Ош облусунун күч түзүмдөрүнүн парады болуп өттү.

21