7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык жаш талант Малаховдун берүүсүндө баарын ыйлатты (ВИДЕО)

203

Кыргызстандын жаш таланттуу ырчысы Насыйкат Баймырзаева Андрей Малаховдун «Привет, Андрей» телеберүүсүндө катышты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Аталган телеберүүдө Насыйкат Баймырзаева Татьяна Буланованын аткаруусундагы «Синее море» чыгармасын ырдаган. Жаш ырчынын аткаруусуна таасирленген көрүүчүлөр көзүнө жаш алып, Буланова Насыйкатка кошулуп ырдаган.

Маалыматка ылайык, Насыйкат Баймырзаева 5 жашынан баштап музыкалык билим алып, 8 жашында музыкалык окуу жайга тапшырган. Учурда вокал боюнча билим алып, пианинону өздөштүрүүдө. Жаш ырчы келечекте скрипкада ойноону үйрөнүүнү кыялданат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

204