7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Чек ара кызматынын жаңы административдик имараты 2 жылда бүтөт

316

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, имараттын курулушун 2 жылда бүткөрүү планы коюлганын белгиледи.

«Ушунча жылдан бери Чек ара кызматынын өзүнүн имараты болгон эмес. Буга чейин окуу жайдын жатаканасында иштеп келишти. Бүгүн кызматтын жаңы имаратын курууга белсендик. Бул өтө чоң, көрүнүктүү, татыктуу имарат болот.

Акыркы 4 жылдан бери Чек ара кызматына 250дөн ашык имараттар курулду. Бул чек ара заставалары, бала бакчалар, посттор жана башкалар. Эми штаб-квартирасы курулса Чек ара кызматынын бардык имараттары жаңыланат», — деди ал.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек аралар 100 пайыз толук такталып бүткөнүн белгиледи.

«Учурда демаркациялоо иштери жүрүп жатат. Мындан ары биздин чек арачыларыбыздын милдети такталган чек араларды коргоп, чек ара бузууларга жол бербеши керек. Ал үчүн биз чек арачыларга татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз», — деди ал.

317