Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда Кыргызстанда канча түрдөгү дары-дармектер жана медициналык буюмдар чыгарылып жатканын айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозова «Кабар» агенттигине билдиргендей, учурда ата мекендик өндүрүшчүлөр дары-дармектердин 712 түрүн жана медициналык буюмдардын 88 түрүн чыгарышат.