«К.KG» ЖЧКсынын директору жарандардын ишениминен пайдаланып, Жети-Өгүз районунда жайгашкан мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу боюнча жасалма укуктарды ишке ашыргандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Б.Б.Ж. мурда калкка жер участокторун топографиялык съемкалоо боюнча кызмат көрсөтүп келген. Ал бош жер тилкелеринин жайгашкан жерин билип туруп, Жети-Өгүз районунун токой фондусунун 71 га өлчөмүндөгү жер тилкесин пайдалануу укугуна жалган күбөлүктөрдү мыйзамсыз жасап, 115 миң АКШ долларга сатып жиберген.
Аталган жаран кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.