Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо Нобель тынчтык сыйлыгына татыктуу болду.
Нобель комитети анын «Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү ишин» баалады.
Бул сыйлыкка негизги талапкерлердин бири АКШнын президенти Дональд Трамп деп саналган. Бирок медиада анын USAID`дин ишин токтотуу жана башка өлкөлөргө бажы салыктарын киргизүү чечимдери ага каршы иштей турганын белгилешти.
Түркиянын Hürriyet гезити жазгандай, АКШ президенти 10-октябрга чейин Газадагы жаңжалды токтотууну көздөгөн жана ошол себептен сыйлыкка умтулган.
Өткөн жылы Нобель тынчтык сыйлыгын Хиросима менен Нагасакиге жасалган жардыруулардан аман калган япониялык уюм алган.