Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
Анын ичинен:
▪️382,7 млн сом — БШК чыгымына
▪️259,2 млн сом — округдук шайлоо комиссияларынын чыгымына
▪️58 млн сом — чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүнө шарт түзүүгө жумшалат.
Белгилей кетсек, бул өнөктүккө 30 округдук шайлоо комиссиясы жана 2622 участкалык комиссия (анын ичинде 100ү чет өлкөлөрдө) иштейт. Анда жалпысынан 25 миңден ашуун киши иштейт.