7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гектарынан 80 тонна… Кеминде дыйкандар кант кызылчасынан мол түшүм алышууда

183

Кемин районунда дыйкандар гектарынан 80 тоннага чейин кант кызылчасын алышууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл райондо жалпы 884 гектар аянтка кант кызылчасы айдалган. Учурда түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп, талаада 9 комбайн иштөөдө.

Аймактагы дыйкандардын бири 4 гектар аянтка кызылча айдап, 4 жолу сугаргандан кийин ар бир гектарынан 80 тоннадан түшүм алууда.

«Жыйналган кант кызылчасы республикадагы ири завод жана фабрикаларга кайра иштетүүгө жөнөтүлүүдө. Бул өз кезегинде айыл чарба чийки затын кайра иштетүүнү жандандырып, ички өндүрүштү жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө түзөт», — делет маалыматта.

Белгиленгендей, аймакта Айыл чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «3+2+1» долбоорунун алкагында талаа иштерине мониторинг жүргүзүлүүдө.

184