7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган видео жасалма интеллект менен жасалган

335

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган видео жасалма интеллект менен жасалганы айтылууда. Бул тууралуу Атай Бейшенбек өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, сүрөттөр интернеттен алынып, жасалма интеллект менен рюкзактар коюлган. Мисалы кече күнү 2ГИС платформасынын сүрөттөрүн алып эле рюкзак кошуп, телеграмм каналында жасалма интеллект аркылуу элди чаташтыра берген.

“Достор, кечээки окуя бир шек жараткан маалымат таратуунун алдында аны тыкыр текшерүү, расмий маалыматтар менен салыштыруу, сөссүз тактоо керек экендигин көрсөттү. Азыркы доордо ар ким жасалма интеллект же жөн эле ар кандай онлайн платформа аркылуу сүрөттү өзгөртүп, элди адаштырып паникага салып кое алат. Ошондуктан кандайдыр бир күмөндүү маалыматты көргөндө, текшербей туруп таратуудан алыс бололу. Адегенде кайдан чыкканын, тараткан булак ишенимдүүбү карагыла, сүрөттү Google же Яндекс аркылуу издегиле, анан ишенсе болот. Албетте сак бололу, маалыматка так бололу! Бар болуңуздар!”, — деп жазган ал.

336