7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украиналык телефон террорчусу окуучуга «бомба» боюнча жалаа жапкан (ВИДЕО)

188

Кечээ соцтармактарда белгисиз адам “эртең Бишкектеги окуучулардын баарын өлтүрөм” деп коркуткан видео тараган. Аны Украинанын жараны Ярослав Овсюк кылганы аныкталды.

Андан соң ага жардамчы делип Бишкектеги окуучунун сүрөтү чыккан. Ал “Эне-Сай” конушунун тургуну, жашы жете элек М.Н. болуп чыкты. Бишкек ШИИБ окуучу менен Ярослав Овсюктун ортосунда мессенджерде пикир келишпестик жаралганын аныктаган.

«Текшерүүдө М.Н. коркутууларды таратууга тиешеси жок экенин көрсөттү. Видео чагым катары чыгарылган. Окуучунун ата-энесине «Ата-энелик милдеттерин аткарбоо» боюнча айып салынат», — деп жазылат маалыматта.

Милиция эскертет: интернет айдыңында жалган же чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратуу — мыйзам менен тыюу салынган жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

189