7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов Санкт-Петербургда өткөн КМШдагы мамлекеттердин координациялык кеңешине катышты

37

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 2025-жылдын 14–16-октябрында Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга катышуучу мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 32-отурумуна катышты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, отурумга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары, байкоочу катары Түркмөнстан Республикасы, КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлери, ошондой эле салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюму – Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын катышуучулары көмүскө экономикага каршы күрөшүү, товар агымын көзөмөлдөө системасы аркылуу көзөмөл жүргүзүү, салык инспекторунун заманбап шарттардагы ролунун өзгөрүшү, фискалдык органдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана заманбап чакырыктарга карата чечимдерди кабыл алуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө Кыргызстанда салык инспекторунун ролу өзгөрүп жатканы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул кесип олуттуу өзгөрүүдө. Мурда салык инспектору көбүнчө көзөмөл жүргүзүүчү, текшерүүчү орган катары кабыл алынса, бүгүн ал мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө, финансы системасынын туруктуулугунун кепили жана бизнестин өнөктөшү катары калыптанууда.

«Тарыхта салык кызматкери мамлекеттин күч органдарынын өкүлү катары кабыл алынчу. Анын негизги милдети бюджетке кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу болгон, ал эми бул иш көп учурда технологиялар чектелген, салык төлөөчүлөрдүн ишеними төмөн шарттарда аткарылган. Бүгүн биз таптакыр башка доорду — диалогдун жана санариптик чечимдердин доорун көрүп жатабыз», — деди Салык кызматынын башчысы.

Ал Кыргызстанда электрондук кызматтар, онлайн-кассалар жана тобокелдиктерди талдоо системасы активдүү киргизилип жаткандыгын, бул өз кезегинде административдик жүктү азайтып, салык органдары менен ишкерлердин ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

 

38