7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алып салса, тамактын баасы кымбаттайбы?

62

Кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануучу жайларда тейлөө акысы жоюлгандан кийин тамак-аштардын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Экономика жана Коммерция министрлигинин монополияга каршы саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети кабыл алган токтомго ылайык, тамактануучу жайлардагы бардык кызматтар менюда көрсөтүлгөн баанын ичинде болушу керек.

«2026-жылдын 1-январынан тарта ресторан, кафе жана башка коомдук тамактануучу жайларда кызматкерлердин негизги буйрутма наркынан тышкары өзүнчө тейлөө же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна тыюу салынат.

15 же 20 пайыз тейлөө акысы эч кандай норма менен бекитилген эмес. Болгону, мекемелер өз алдынча тейлөө акысы деп кошуп алышкан. Азыр пайыздарды алууга тыюу салынды. Мындан ары тейлөө акысы ижара акысы, коммуналдык кызматтар сыяктуу эле берилген буйрутманын ичинде болот», — дейт Жумабеков.

Белгилей кетсек, эми кафе жана ресторан ээлери официанттарга белгилүү өлчөмдөгү эмгек акы төлөп башташат.

 

63