7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Евразия университетинин мурдагы ректору кармалды

223

Евразия университетинин мурдагы ректору коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында аталган окуу жайды текшерген. Натыйжада мугалимдер сабактарга жана экзамендерге катышпаган студенттерге баа коюп, документтерди бурмалоого катышканы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 19 окутуучу мыйзам бузууга аралашканы такталып, алардын төртөө кармалган. Кармалгандардын арасында ЖОЖдун мурдагы ректору, учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУда иштеген С.М.А. дагы бар экендиги белгилүү болду.

Шектүү бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

 

224