7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев “Кемин” чек ара заставасына JAC 8 унаасын тапшырды

4

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев “Кемин” чек ара заставасынын өздүк курамына жаңы кызматтык JAC 8 унаасын тапшырды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Автоунаанын ачкычын заставанын башчысына тапшырып жатып, УКМК төрагасы чек ара бөлүктөрүн заманбап техника жана курал-жарак менен камсыздоо комитеттин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

“Ар бир чек ара тилкеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Биз чек арачыларыбыздын татыктуу кызмат өтөөсү жана алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу үчүн бардык шарттарды четинен түзүп жатабыз”, — деди Камчыбек Ташиев.

Андан соң УКМК төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев чек ара заставасынын иши менен тааныштырды.

Белгиленгендей, 1-августта “Кемин” чек ара заставасы реконструкциядан кийин ачылган. Ал түндүк аймактагы биринчи модернизацияланган объект болуп эсептелет. Заставанын имараттарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы инфраструктуралык объекттер курулган, өздүк курамдын кызмат өтөөсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кемин районуна караштуу Нур айылында жайгашкан застава болжол менен 200 чакырым мамлекеттик чек аранын кайтарылышына жооптуу, анын олуттуу бөлүгү тоолуу аймактарда жана Чүй дарыясынын нугун бойлой өтөт.

5