Бүгүн, 18-октябрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү жер тамдын ачкычын тапшырды.
Белгилей кетсек, Мирбек Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп, унаанын дөңгөлөгүн оңдоо учурунда жарылуу болуп, бир колунан ажыраган. Иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты болгон эмес. Мамлекеттен жардам катары пенсия алууга да эмгек стажы жетпей калган.
Үч баланын атасы Мирбек Кадыралиев фейсбук социалдык тармагы аркылуу президент Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге 2025-жылдын 25-августунда жардам сурап кайрылган. Эки күндүн ичинде өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жеке өзүнүн тапшырмасынын негизинде, Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө жаңы тамдын курулушу башталган. 3 бөлмөлүү жер там 1 айдын ичинде бүткөрүлүп, бардык заманбап шарты менен Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө тапшырылды.
Өз кезегинде УКМК төрагасы Мирбек Кадыралиевге бекем ден-соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады. Жаңы тамдын ээлери Садыр Жапаровго жана Ташиевге ыраазычылыктарын айтышты.
Ташиев үй тапшыруу аземинен соң, Кайыңды айылынын тургандары менен жолугуп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн укту.