Париждеги эң белгилүү экспонаттар коюлган Лувр музейинен император Наполеон Бонапарттын жубайы Жозефинага таандык болгон тогуз даана зер буюм уурдалды. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Маалыматка ылайык, уурулукту төрт адам жасаган. Алардын экөө курулуш шатысы аркылуу музейдин терезесине жетип, кескичтин (болгарка) жардамы менен айнекти кесип, ичкери киришкен. Кымбат-баалуу буюмдарды алып чыгып, скутер менен качып кетишкен.
Уурдалган буюмдардын арасында брошь, шуру жана таажы сыяктуу кооз зергер буюмдар болгон. Ошол эле маалда коллекциядагы эң белгилүү асыл таш — салмагы 140 караттан ашкан легендарлуу “Регент” бриллианты ордунда калганы айтылат.
Франциянын маданият министри Рашида Дати айткандай, Луврдагы зер буюмдарды уурдагандар — чыныгы кесипкөй уурулар болгон. Алар операцияны болгону төрт мүнөттө аткарышкан.
Париж полициясы ууруларды издөөгө кеңири масштабдагы операция баштады. Тийиштүү органдар жакынкы күндөрү шектүүлөр кармаларын билдиришти.