7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Доом жок” Байтиктеги кызды сабап, унаага салып кеткен жаран таанышы экени айтылды

32

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Байтикте белгисиз киши кызды сабап, унаага салып кеткен окуя боюнча маалымат берди.

Милициянын маалыматына караганда, 17-октябрь күнү Instagram социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири видео жүктөп, астына «Боз Хонда 316, кызды сабап, алып кетти. Байтик айылы, «Шана» дүкөнүнүн жанында» деп жазган.

Бул факт Аламүдүн РИИБне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу алгачкы тергөө аракеттеринин алкагында аймакка кароо жүргүзгөн. Натыйжада Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча «Перехват» планы жарыяланган.

Текшерүү учурунда окуянын күбөлөрү Байтик айылынын тургундары 1996-жылы туулган К.А. жана анын эжеси 1994-жылы туулган К.И. окуяны телефонго тартып, социалдык тармактарга жарыялашканы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан «Mazda» үлгүсүндөгү унаа аныкталып, анын ээси катары 1989-жылы туулган Д.Б. экени белгилүү болгон. Окуя болгон учурда ал өзүнүн таанышы 1985-жылы туулган М.Г. менен чогуу болгону белгилүү болгон.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, окуя 17-октябрь күнү кечинде алар коноктон кайтып келе жаткан учурда орун алган. М.Г. аттуу жаран спирт ичимдигин ичип алгандыктан өзүн начар сезип, айдоочу унааны «Шана» дүкөнүнүн жанына токтоткон.

Аял унаадан түшүүгө аракет кылганда айдоочу Д.Б. коомдук жайда жагымсыз көрүнүш жаратпоо максатында анын салондо калышын өтүнгөн. Андан кийин алар аймактан чыгып, жолун улантышкан.

Жаран М.Г. арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, мындан ары текшерүүнү улантпоону суранган.

Бул факт боюнча материал процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн даярдалып, мыйзамда белгиленген тартипте административдик чара көрүү үчүн жөнөтүлмөкчү.

33