7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25-31-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча беттеш өтөт

30

25–31-октябрь күндөрү Бишкек шаарында 2025–2026 АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычынын оюндары өтөт.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын намысын бул мелдеште ата мекендик «Мурас Юнайтед» жана «Абдыш-Ата» клубдары коргойт.

«Мурас Юнайтед» клубу С тайпасында Тажикстандын, Ливандын жана Кувейттин клубдары менен күч сынашат. Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат.

25-октябрь

  • 16:00 — Сафа (Ливан)
  • 20:00 — Регар-Тадаз (Тажикстан) Аль-Араби (Кувейт)
  • Мурас Юнайтед (Кыргызстан)

28-октябрь 2025

  • 16:00 — Аль-Араби (Кувейт)
  • 20:00 — Мурас Юнайтед (Кыргызстан) Регар-Тадаз (Тажикстан)
  • Сафа (Ливан)

31-октябрь

  • 16:00 — Регар-Тадаз (Тажикстан)
  • 20:00 — Аль-Араби (Кувейт) Сафа (Ливан)
  • Мурас Юнайтед (Кыргызстан)

Ал эми «Абдыш-Ата» клубу А тайпада Бутандын Тхимпху шаарында, Алтын-Асыр (Түркмөнстан), Аль-Шабаб (Оман), Паро (Бутан) клубдары менен беттешет. Жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышат. Алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыгат.

31