7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдуард Кубатов: «2026-жылы Гималайдагы Канченджанга тоосуна чыгам» (ВИДЕО)

165

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов 2026-жылдын март айында дүйнөнүн үчүнчү эң бийик чокусу Гималайдагы Канченджанга тоосуна чыгууну пландоодо. Бул тууралуу ал 7-каналга билдирди.

“Бир жарым ай мурун Пакистандагы эң кыйын чоку деп эсептелген К2 тоосуна кычкылтек колдонбостон чыгып келдим. Бул — улуттук жана дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет. Азырынча бир аз эс алып, алдыдагы жаңы максаттарга машыгып даярданып баштадым. 2026-жылдын март айында 8585 метр болгон Канченджанганы багынтууну көздөп жатам. Эгерде бул экспедиция ийгиликтүү өтсө, андан соң 8 200 метр бийиктиктеги Пакистандагы абдан оор тоо Нангапарбат тоосуна чыгам. Жеңишке жетсем чоң ийгилик жаратып калам деп ойлойм”,- деди Эдуард Кубатов.

166