7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык дыйкан-фермердин жаңы образы түзүлдү

165

Айыл чарба министрлиги кыргызстандык дыйкан-фермердин жаңы образын жаратты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, дыйкан-фермердин образы Садыр Жапаровдун «Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз!» идеологиясынын алкагында жаралган.

Заманбап кыргыз агробизнесмени — бул айыл чарба тармагында заманбап ыкмаларды, технологияларды жана ишкердик тажрыйбаларды колдонуп, пайдалануу жана туруктуу өнүгүү максатында айыл чарба өндүрүшүн уюштурган жана өнүктүргөн ишкер.

Кыскача айтканда, бул — айыл чарбасын бизнес катары карап, пайдалуу, инновациялуу, экологиялык жактан туруктуу, ички жана сырткы рынокко багытталган продукцияны өндүрүп, иштеткен адам.

Заманбап агробизнесмендин өзгөчөлүктөрү:

1. Технологияларды колдонот – автоматташтырылган сугат системалары, дрондор, заманбап техника, агроаналитика жана башкалар.

Заманбап кыргыз агробизнесмени жаңы сорттогу мөмө-жемиштерди өстүрүп, аларды кургатып же кайра иштетип, экспортко саткан ишкер. Ал жаңы күнөсканаларды курган жана жыл бою жашылча өндүргөн дыйкан. Ан менен бирге жасалма интеллектке негизделген мал багуу же суугаруу системасын колдонгон фермер. «Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз!»

166