Бишкек шаарынын Курчатов көчөсүндө жайгашкан балдарды адаптациялоо борборунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон 4 өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2025-жылы 25-сентябрда 2011-жылы туулган София Голанова саат 13:30дар чамасында балдарды адаптациялоо борборунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Өзгөчө белгилери: бою – 160-165 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, үстүндө кара толстовка, кара шым, кара бут кийим.
Ал эми 30-сентябрда ошол эле борбордон 8:00дөр чамасында 2010-жылы туулган Алия Тайчикова чыгып кетип, кайра кайрылып барган эмес.
Өзгөчө белгилери: бою – 160-165 см, чачы кара, ак көйнөк, боз чыптама, кызыл бут кийим кийип жүргөн.
Ошондой эле 1-октябрда саат 19:20лар чамасында 2008-жылы туулган Элиза Уранбекова дагы аталган борбордон чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою – 160-165 см, арык-чырай, чачы күрөң, кара спорттук кийим, боз чыптама, кара шым, кызыл бут кийим.
15-октябрда саат 8:30дар чамасында 2009-жылы туулган Айданек Дүйшееванын чыгып кетип, жүргөн жери дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою – 155-165 см, арык, чачы кыска жана кара түстө.
Милиция өспүрүм кыздардын көргөн же кайда жүргөнүн билгендер болсо (0312) 35-29-47, 35-12-70 номурларына кабар берүүнү өтүнөт.