7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми кыргыз-тажик биргелешкен тасмалары тартыла баштайт

185

Күн мурун Душанбе шаарында Кыргызстандын «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы менен Тажикстандын «Точикфилм» мекемеси ортосунда кинематография тармагында кызматташуу тууралуу меморандум түзүлдү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, анын максаты эки өлкө ортосунда биргелешкен фильмдерди тартуу, тажрыйба алмашуу жана маданий байланышты чыңдоо болуп саналат.

Бул иш-чара «Тоджи Сомон» эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү менен уланууда.

Программада белгилүү режиссёрлордун чыгармалары көрсөтүлөт:

  • Актан Арым Кубаттын «Эсимде» фильми – адамдын ички дүйнөсүн жана руханий баалуулуктарды чагылдырган драма;
  • Артыкпай Суюндуковдун «Шамбала» фильми – жаратылыш менен адамдын биримдигин көркөм чагылдырган чыгарма.

Кыргыз кино күндөрү эки элдин маданий жакындыгын бекемдеп, кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзүүдө.

Мындан тышкары, Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» көркөм фильми фестивалдын сынагында «Социалдык маселелерди терең чагылдырганы үчүн” атайын диплом менен сыйланды.

186