7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл» форумуна 4 миңге жакын жаштар чогулду

168

Бүгүн, 20-октябрь Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өлкөнүн жаштар саясатынын эң ири регионалдык иш-чарасы «Кыялымдагы Кыргызстан. Ысык-Көл» жаштар форумунун экинчи бөлүгү башталды.

Иш-чара Каракол шаарынын борбордук стадионунда өтүүдө. Ага 4 миңге жакын активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын ар кайсы тармактарында ийгиликке жетишкен белгилүү адамдар чыгып сүйлөп, жаштарга шыктандыруучу баяндамаларды жасап, кесиптик жана жеке өнүгүү боюнча баалуу кеңештерин беришти.

Иш-чара концерттик программа менен уланууда.

Белгилей кетсек, форумдун максаты — региондун активдүү жаштарын бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу.

169